Эламан Акылбек уулу

Эламан Акылбек уулу

Биздин долбоордун негизделгенине 11 ай болду. Азыркы учурда Sabak.kg онлайн платформасы иштеп жатат. Кыргызстан боюнча алыскы аймактарда жашаган окуучулардын, жашоочулардын азыркы замандын талабына ылайык билимди алууга шарты жок. Биринчиден, алыскы аймактарда ар түрдүү тармакта мыкты билим берүү адистери жок, экинчиден талапка ылайыктуу техникалык, инфраструктуралык мүмкүнчүлүк жок. Ошол себептерден улам окуучулар мектепти аяктап ЖРТ тапшырганда жогорку балдарды албай, көпчүлүк учурда каалаган жогорку окуу жайына тапшыра албай калышат. Баарыбызга белгилүү болгондой чоң шаарда окуган окуучулар ЖРТдан бир канчага көбүрөөк бал алышат. Ушул маселенин артынан биз досум экөөбүз Ноокат шаарындагы жана башка алыскы аймактарды жашаган, ЖРТга атайын даярдоо курстарына бара албаган окуучулар үчүн онлайн ЖРТга даярдоо курсун баштадык. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 2500дөн ашык окуучу сайтка катталып, 200дөн ашык окуучу онлайн ЖРТга даярдык тесттерин сатып алышты. Онлайн платформада негизги тест жана 8 предмет боюнча ЖРТ даярдык тесттери бар. Окутуу учурунда ноокат шаарындагы окуучулар жана жашоочулар тарабынан IT багытындагы курстарга талап чоң экендигин байкадык. Көпчүлүк балдар программалоо тилдерин окууну каалашат, бирок, техникасы жок, башка жакка окууга бара албайт. Ошондуктан Ноокат шаарында баардык шарттары менен ИТ курстарын ачууну чечтик. Келечекте ИТ курстары Sabak.kg онлайн платформабызда дагы жеткиликтүү болот. Аракетчил долбоору тууралуу фейсбуктан жарыяны окуп калып, катышууга онлайн арыз бердик. Мага окуу абдан пайдалуу болду. Мен бул жерден финансылык сабаттуулук жана маркетинг боюнча билимге ээ болдум. Бизнес идеяны инвесторлорго презентациялоону үйрөндүм. Эксперттер жана менторлор менен идеямды талкууладык, мыкты кеңештерин беришти. Аракетчил долбоорун уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдиремин.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information