Имамали кызы Айгуль

Имамали кызы Айгуль

"Менин атым Айгул, 4 баланын энесимин. Баткен районунун Кара-Булак айлынын тургунумун. Баардык эле жаштар сыяктуу жумуш издеп жүрүп социалдык тармактарынан “Аракетчил” долбоору менен таныштым. Мен сыяктуу көп балалуу, айылда жашаган кыз келиндер көп. Үйбүлөбүзгө кошумча каражат таап балдарыбызды багуу биз үчүн башкы максат! 2022 жылы 3 ай акысыз ашпозчу-кондитер окуудан өтүп кесипке ээ болуп, ийгиликтүү аяктадым. Бул окуу менин максаттарыма жетүүгө чоң кадам болуп калды. Окуудан кийин да “Аракетчил” долбоору аркылуу стажировканы айылыбыздагы бала бакчадан ашпозчу болуп өткөнгө шарт түзүп беришти. Стажировкадан кийин мени айылымдагы бала бакчага ашпозчу кылып жумушка алып калышты! Мен бала бакчадагы жумушум менен эле чектелип калбастан үйүмдөн да айылдаштарымдын буйрутмаларын аткарып кошумча киреше таап жатам. Достор! Жаштар! Кыздар! Ийгилике ишенгиле! Менин жашоомдогу жеңишимдин бири “Аракетчил” долбоору менен болду!"

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information