Карабекова Динара

Карабекова Динара

Мен Карабекова Динара Ноокат районунун Баглан айылынын тургуну болом. Мен Аракетчил долбоордун чегиндеги окутууга катышып, холодильный агрегат жана штабелер грантка утуп алдым. Бул гранттын суммасы 1 109 500 сом түзөт экен. Ушул грантты берген Япония мамлекетине, Дүйнөлүк банкына жана Ага Хан Фондуна ыраазычылык билдирем. Мен бул тармакта иштегениме жыйырма беш жыл болду. Мурда өзүбүздүн муздаткыч хранилищебиз жок болгондугуна байланыштуу, башкалардын холодильниктерине коюп жүрсөк, өзүбүз ушул хранилищени курдук, бизге ушул фонд агрегатты жана жүк көтөрүүчү штабелерду сатып берди. Чоң ыраазычылык билдиребиз. Бул бизге айылдан алмаларды алып, ушул муздаткычтарды сактап, кайра экспортко чыгарганга чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Ушундай окууларды уюштуруп, бизге окшогон ишкерлерди көтөрүп жаткан Ага Хан Фондко чоң ыраазычылык билдиребиз.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information