Графикалык дизайн боюнча окутуулардын катышуучусу

Графикалык дизайн боюнча окутуулардын катышуучусу

Саламатсыздарбы? Мен ушул Аракетчил долбоору уюштурган графикалык дизайнер курсунда бир айдан бери окуп келе жатам. Бул курста эмнени үйрөндүм? Бул курста биз социалдык тармактарга реклама жасаганды, афишаларды, макет жасаганды, брошюра, дагы башка рекламага керектүү этикеткаларды жасаганды үйрөндүк. Адамга өнөр эч качан көптүк кылбайт. Буйруса биз ушул өнөр менен келечекте жакшы иштерди кылганга мүмкүнчүлүк болот деп ойлоймун. Ушул долбоорго чоң рахматымды айткым келет, себеби мындай мүмкүнчүлүктөрдү бизге түзүп берген үчүн. Дагы болсо окуй беребиз. Бул ушул 60 кесиптик лицей жамаатына деле рахматымды айткым келет. Бизди жакшы күтүп алып, ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген үчүн чоң-чоң рахматымды айткым келип жатат.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information