Кадырбекова Мадинанын ой-пикири

Кадырбекова Мадинанын ой-пикири

Саламатсыздарбы, аты жөнүм Кадырбекова Мадина, 24 жаштамын, ЖалалөАбад обласынын Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнөн болом. Алгач, тигүүчү курсун аяктадым андан кийин жумшак өнүмдөр аттуу курста окудум. Андан биз турмушта, чыныгы турмушта колдонуучу темаларды өттүк, мисалыга алсак, конфликти алдын алуу, санариптештирүү, товарларды кантип сатуу, адамдар менен мамиле кылууну, лидерлик сапатты, конфликтти кантип болдурбоо жолдорун, алдын алуу жолдорун, кантип элдин алдына чыгып сүйлөөнү, тартынбай сүйлөөнү жада калсак үй-бүлөлүк турмушта кандай инсан болуш керек, бала тарбиялаганда кандай эне болуш керек жана башка көптөгөн темаларды өттүк. Бизге аябай кызыктуу болду. Дагы болсо эч ойлонбой барып катышмакбыз. Өз билимин аябай берген Рахат Шукуровна эжекеге жана Аракетчил долбоорунун жалпы жамаатына терең ыраазычылыгымды билдирем.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information