Абдиллаева Акылайдын ой-пикири

Абдиллаева Акылайдын ой-пикири

Саламатсыздарбы, менин аты жөнүм Абдиллаева Акылай Сайдиахматовна Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жашоочусумун. Аракетчил долбоорунда жашоонун көндүмдөрү аттуу үч күндүк окуу курсуна катышып, өзүмө пайдалуу кеп кеңештерди ала алдым. Мисалыга алсак, алдыга кадам таштап, пландоо менен биргеликте иш жүргүзүү жана бизге бериле турган сыноолорго туруштук берип, аларды жеңе билүүнү үйрөндүм. Өз оюңду эн эркин түшүндүрүп алуу. Жашоого болгон кадамды жана көз карашты өзгөртүү менен биргеликте кагаз бетине буга чейинки же алдындагы пландарыбыз тууралуу сүрөттөп берүү. Сүрөттөп берүүнун жыйынтыгында биз өзүбүз тууралуу кандайдыр бир айтылбаган сырларды же жашоодогу келечегибиз тууралуу көптөгөн маанини түшүндүрө алганыбызды байкадым. Чечендик сүйлөө, сүйлөө кебин жогорулатып, так жана туура сүйлөп кандайдыр бир рекламалар жана иш-чаралар тууралуу элге багыт берүү жеткире берүүнү үйрөнү, команда менен иштей алуу жана келип чыга турган конфликттердин алдын алууну үйрөндүк. Стресске кабыл алынган адам кандайдыр бир караңгылыкка такалып кетишин, ага бул учурда кандай мамиледе болушту жана кандай багыт берүүнү үйрөндүк. Лидерлик сапат, лидерлик сапаттар оң жана терске бөлүнөт. Оң сапаттагы лидерлер булар командага багыт берип биримдикте ынтымакта иштөөгө үйрөтөт. Ал эми терс сапаттагы лидерлер өзү үчүн текебер жоопкерчиликсиз айткан ишин аткарбаган лидерлер болуп бундай учурларда ал өзүнүн командасын жоготууга барат. Азыркы заман талабына ылайык санариптик маркетинг туралуу кенээн түшүнүп алдым, ушлардын жыйынтыгы менен мен дагы ага кызыгыи болуп план түзүп, өзүмдүн келечегимдеги максатымды куруу үчүн күч күч топтой алам. Болгон сапаттыарга ээ болуу, жашоодогу болгон көз карашты, таштаган ар бир кадамыбызга өзгөртүү киргизүү үчүн багыт берген, өз билимин биз менен бөлүшүп жакшы жакка үгүттөгөн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад колледжинде эмгектенип жаткан Кушбакова Рахат Шүкүровна эжекеге жана ошондой эле 12 кесиптин ээси болуп чыгуу үчүн жаштарга мүмкүнчүлүк жараткан Аракетчил долбооруна терең ураазычылыгымды билдиремин.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information